Алмазбек Каримов:“Кытайдан алган акчаны жегендерден кустуруш керек”

129

Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Башкы прокурор менен Эсеп палатасынын жетекчилери ЖЭБ үчүн кытайдан алынган кредитти эл төлөйт деп билдирди.

Бул боюнча Fakt.kg тургундардын пикирин угуп көрдү.

Алмазбек Каримов, коомдук ишкер: Башкы прокурор, Эсеп палатасынын төрагасы да антип айтканга укугу жок эле, бирок алар айтышты. Азыркы бийлик элди «биомасса» катары көрөт. Эл бийликти багып жатканы аз келгенсип, кытайдын карызын төлөшү керекпи. Элди кыйнабай ошол жеп кеткендерди кустуруш керек болчу. Керек болсо, ошол текшерип аткандарды да текшерип, эң акырында кыйналган элди төлөтүштүн ордуна, кытайдан алган акчаны жегендерден кустуруш керек.

Урмат Саматов, таксист:  “Мен такси айдайм. Таңдан кечке эрмегим радио. Жанагы Кытайга берчү карызды эл төлөйт дегендер келжирешти. Башкы прокурор менен Эсеп палатасынын чоңунда акча көп болсо, ошолор төлөсүн. Булар элди ойлойбу же өздөрүн эле ойлоп башка эл менен иши жокпу? Өздөрү күнөөлүү деп камап аткан Сапар Исаковдон, башка күнөөлүүлөрдөн жана Алмазбек Атамбаевден төлөтүп алсын. Ошолор документке кол коюп, алып келген акчаны жеген деп далилдеп атышат да. Баса, Сооронбай Жээнбековго да эскертип коюшсун, ал азыр башка өлкөлөрдөн ошол эле Кытайдан алып аткан акчаны да эл төлөбөйт, өзү Мухаммедкалый Абылгазиев экөөң төлөйсүң деп. Жапаров да жөн сүйлөбөйт, эгемендигибизден баш тартабыз деп карыз алганбыз деп атпайбы. Ошондо Атамбаев кыргызды акысыз кул кылып берем деп сатканга барабар болуп атпайбы.

Fakt.kg

Бөлүшүңүз