Москвада митингге чыккан кыргызстандыктарга айып пул салынды

50

Россиянын Москва шаарына караштуу Чертанов соту митингге чыккан Кыргызстандыктарга 10 миң рублдан айып пул салды. Бул тууралуу Россиянын маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 2018-жылдын декабрь айында көчө шыпырып иштеген 7 киши айлык төлөбөй түн ичинде дагы иштөөгө мажбурлагандыгы үчүн митингге чыгышкан. Жетекчилик полиция чакырышкан, алар келип  митинге өткөрүү эрежелерин бузган деп протокол түзүшүп, ишти сотко өткөрүп коюшкан. Айып пул салынган 7 жарандын төртөөсү кыргыз жаранлары.

fakt.kg

Бөлүшүңүз