Аткаминерлер: «Кытайга болгон карызды эл төлөйт» (Видео)

82

Жогорку Кеңеште Бишкек Жылуулук электр борборундагы авария жана анын кесепеттерин жоюуга, оңдоп-түзөөгө кеткен 386 млн. доллар каражатты териштирүү боюнча маалымат угулуп жатат.

Жыйындын жүрүшүндө, Райымкулов Бактыбек Кытайдан алган кредитти качан жана ким төлөйт деп кызыкты.

Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Марипов “Токотер жерин айтканда бюджет төлөйт. Бюджеттин чөнтөгүн эл толтурат. Албетте эл төлөйт”, -деп билдирди

Башкы прокурор дагы Кытайга болгон карызды эл төлөөрүн билдирди.

fakt.kg

Бөлүшүңүз