Чет өлкөлүк жарандарга жардам берген Бишкектин тургуну сыйланды (Фото)

54

Чет элдик жарандарды тоногон кылмышкерлерди кармаган Бишкектин тургуну  ардак грамота менен сыйланды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

В Бишкеке ограбили иностранцев. Прохожий задержал одного из нападавших и получил награду

Маалыматка ылайык, Бишкектин тургуну Э.Суеркулов 2019-жылдын 4-февралында болжол менен саат 23.дө көчөдө бара жатып англис тилинде бирөө жардамга чакырып жаткандыгын угуп калган. Чуркап барып, чет өлкөлүк жарандарды тоноп жаткандарды көргөн. Алар качууга аракет кылганда бирөөсүн кармап калып, милиция чакырган 10 мүнөттүн ичинде барган милиция кызматкерлери башка кылмышкерлерди дагы кармашкан.

fakt.kg

Бөлүшүңүз