Бишкекте таксистин өмүрүнө кол салгандар кармалды

81

Жүргүнчү ташыган айдоочунун өмүрүнө кол салгандар кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдрди.


Маалыматка ылайык, 2019-жылдын 28-январь күнү болжол менен таңкы саат 04:30 чамасында
“Калыс-Ордо” жаңы конушунун жанынан белгисиз адамдар отуз беш жаштагы жүргүнчү ташыган айдоочуга кол салышкан. Кылмышкерлер Бишкек шаарынын Ош базарынан таксиге отурушуп, шаар четиндеги айылдардын бирине жеткирип коюуларын суранышкан. “Калыс-Ордо” жаңы конушуна жетишкен учурда жүргүнчүлөр айдоочуну курал жана бычак менен коркутушуп, автоунааны токтотууну талап кылышкан. Ошол учурда айдоочу автоунаадан чыгып, качып кетүүгө үлгүргөн. Тоноочулар айдоочунун артынан куушуп, ок атышкан. Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Биринчимай РИИБси Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 39-130-беренесинин (Өлтүрүү үчүн кол салуу) негизинде сотко чейинки иликтөөлөрүн баштаган. Кылмыш ишинин мүнөздөмөсүн эске алып, аны
иликтөөгө ИИМдин КМКнын Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери киришкен. КМКнын УККБнын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө жогорудагы кылмыш ишине тиешеси барлардын өздүгү такталган. Ички иштер органдары тарабынан көрүлгөн чаралардын натыйжасында шектүүлөр  кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Алар, мурда уурдоо, зордуктоо, карактоо үчүн соттолуп, эркинен ажыратылып, жаза мөөнөтүн өтөп чыкканына болжол менен эки ай болгон 1990-жылы туулган С.А., мурда Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 104-беренесинин 4-бөлүмү (Адам өлүмүнө алып келген саламаттыкка оор залал келтирүү) соттолгон О. уулу
А. аттуу Нарын облусунун тургундары болушат.Криминалдык милиция кызматынын маалыматы боюнча кармалгандардын бирөөсү С.А. аттуу уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат.

Азыркы учурда жогорудагы факты боюнча сотко чейинки иликтөө жүрүп жатат.
Кармалган жарандардын жогорудагыдай кылмыш иштерине тиешеси бардыгы
такталууда.

fakt.kg

Бөлүшүңүз