Кыргызстан Түркмөнстанга картошка экспорттоп баштады

44

Кыргызстан Түркмөнстанга картошка экспорттоп баштады. Бул тууралуу  Айыл чарба министрлигинин азык-түлүк коопсуздук бөлүмүнүн башчысы  Анаркүл Беккулиева маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, картошканы экспортоо боюнча Түркмөнстан жана Казакстан менен келишим түзүлгөн.

“Ак-Суу районунун фермерлери Түркмөнстанга картошканы экспорттоп башташты”- дейт Анаркүл Беккулиева.

Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, 2018-жылы Кыргызстанда 1 миллион 446 миң тонна картошка алынган. 700 миң тонна картошка ички керектөөнү түзөт, ал эми 120 миң тонна экспорттолууда.

Fakt.kg

Бөлүшүңүз