Бишкекте » Менин күйөөмө смс жаздың» деп жаш кызды сабап салган келин

39

Бишкекте күйөөсүнүн кесиптешин сабап салган аял 1 жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратылды. Бул тууралуу маалымат Жогорку соттун сайтына жарыяланды.

Тергөөнүн маалыматына ылайык, “Манас” эл аралык аэропортунда  соттолуучу жаран жабырлануучуну сабап салган.

Соттук отурумда, соттолуучу күнөөсүн мойнуна алган эмес. Анын айтымында, жабырлануучунун айынан анын жолдошу менен мамилеси бузулган.  Жабырлануучу менен соттолуучунун жолдошу телефондон жазышып, сүрөт жиберип жүрүшкөн. Соттолуучу жабырлануучудан анын күйөөсүнө смс жазбоону суранган.

Ал аэропортко барып, жабырлануучунун чачынан сүйрөп, сабап салган.

Кийинчерээк соттолгон келиндин күйөөсү өзү жабыркаган кызга смс жазып жүргөндүгү, бирок жабырлануучу ага жооп жазбай жүргөндүгү аныкталган.

 

Бөлүшүңүз