Бишкектеги Келечек конушунда турак өрттөнүп, 3 жаш бала түтүнгө ууланып, ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсык 11-февралда күндүзгү 14.00дө болгон.
“Боорукер” кайрымдуулук фондунун маалыматын боюнча, Кырсык болгон маалда жабыркаган балдардын атасы иште, апасы поликлиникага кеткен. Үч жаш бала, улуусу-2015, ортончусу-2016, кичүүсү-2018- жылы туулган балдар азыр оор абалда реанимацияда. Балдардын апасы да ай-күнүнө жетип турган маалы. Үй азыр жашаганга жараксыз. Өрттөнгөн үйдө алар батирде турушкан. Балдардын ата-энеси балдарынын жанында. Аларга жардам керек. 1.Баш калкалай турган жер.2.Акчалай жардам.3.Жууркан төшөк, идиш-аяк. 0700-29-23-95-Рустам. Суроолоруңар болсо- 0708-77-11-71-Кумар эже.
SOS! SOS! SOS!Казакстандагыдай кырсык бизге да жетти.Келечек конушунда 11-февралда күндүзгү бирлерде, бул үй-бүлө…
Опубликовано Боорукер Kindhearted Вторник, 12 февраля 2019 г.
fakt.kg