Караколдо мектеп окуучусун өлтүрүп кетишти

119

Ысык-Көл облусуна караштуу Каракол шаарында 18 жаштагы баланы өлтүрүп кетишкен. Бул тууралуу аталган облустун  ички иштер башкы башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, маркумдун сөөгү базардын жанынан табылган.  Милиция кызматкерлери 18 жаштагы жаран киши колдуу болгондугун аныкташкан.

Маркум Каракол шаарындагы №5-мектептин 11-классынын окуучусу экендиги аныкталган. Ата-энесинин айтымында, ал 11-февралдан 12-февралга караган түнү  үйдөн чыгып кетип, үйгө кайра келген эмес.

Тергөө иштери жүрүүдө.

Сүрөт интернеттен алынды.

fakt.kg

Бөлүшүңүз