«Мени 6 киши сабап жатат» деп милиция чакырган жаранга айып пул салынды

52

Ысык-Көл облусунда жалган маалымат билдирген жаранга 5 500 айып пул салынды. Бул тууралуу аталган облустун ички иштер башкы башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2019-жылдын 13-январында 32 жаштагы Ананьево айылынын тургуну аны 5-6 киши сабап жаткандыгын милицияга билдирген. Милиция барып, аталган жаран мас абалында экендигин жана аны эч ким сабабагандыгын аныкташкан. Милиция кызматкерлерине жалган маалымат берип, чакыргандыгы үчүн 5 500 айып пул салынган.

Fakt.kg

Бөлүшүңүз