Паспорт боюнча бир дагы аткаминер жоопкерчиликке тартылган жок

61

Бүгүн, 12-февралда Жогорку Кеңештин Эл  аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында, депутат Каныбек Иманалиев буга чейин бир катар чет өлкөлүк террористтер Кыргызстан паспорту менен кармалганын эске салып, ал кылмыштар боюнча бир дагы аткаминер жоопкерчиликке тартылбаганын билдирди. “Мындай кылмыштар мамлекеттин көз жаздымында калбашы керек, алар Кыргызстанды эл аралык деӊгээлде уят кылып, ишенимден чыгарып жатышат», — деп кошумчалады эл өкүлү.

fakt.kg

Бөлүшүңүз