Чүйдө турак үй толугу менен өрттөнүп кетти

63

Чүй облусуна караштуу Сокулук районунун Новопавловка айылында турак үйдө өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 150 чарчы метр турак үй толугу менен күйгөн.

Өрттүн кесепетинен 1992-жылы туулган жигиттин колу жана бети күйүп, ооруканага жеткирилген. Дарыгерлер учурда абалы орто экенин билдиришти.

Fakt.kg

Бөлүшүңүз