Бишкекте фейсбукка пост жарыялаган жаран соттолду

46

Бишкектин Биринчи Май райондук соту Фейсбукта экстремалдык мүнөздөгү материалдарды тараткан жаранды 1 жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратты.

Маалыматка ылайык, күнөөлүү «Калыс үмүт» баракчасына ар кандай экстремалдык атрибуттарды жана сүрөттөрдү жарыялаган.

Мамлекеттик дин комиссиясынын экспертизасы боюнча, жарыяланган материалдар тыюу салынган «Хизб ут-Тахрир» уюмуна тиешелүү болуп чыкты.

Соттук отурумда айыпталуучу экстремист эмес экендигин айтып, тыюу салынган эч нерсе жарыялабаганын кошумчалады.

fakt.kg

Бөлүшүңүз