Бүгүнкү курултайга прокуратура органдарынын өкүлдөрү чакырылды

24

Бүгүн, 12-февралда Бишкекте коомдук, саясий жана мекенчил күчтөр экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда камалган саясатчылардын маселесин талкуулайт. Бул тууралуу Курултайдын чечимдерин аткаруу комитетинен билдирди. Жыйынга, саясатчылардын адвокаттары, прокуратура органдарынын өкүлдөрү чакырылган.

Эскерте кетсек, жаңы жагдайларга байланыштуу иштер кайра каралышы керек. Башкы прокуратураны өз алдынча чечим кабыл ала албай жатат деп  уюштуруучулар сындап жатышат.

fakt.kg

Бөлүшүңүз