Templates by BIGtheme NET

Мал уурулук менен алектенген кылмыштуу топ кармалды

ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлеринин жүргүзгөн ыкчам-иликтөөиш-чараларынын натыйжасында  Ысык-Көл облусунун Тоң районунун аймагында  майда мал жандыктарды уурдап жүрүшкөн кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө  бөгөт коюлду. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2019-жылдын январь айынын башында Тоң районунун Доң-Талаа айылынын жанында жайгашкан сарайдан  күндүзкү маалда 10 баш койду уурдап кетишкен. Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Ысык-Көл облусунун Тоң РИИБи  Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин  200-беренесинин 2-бөлүмү (Уурдоо) менен сотко чейинки иликтөөлөрүн баштаган. Мал уруулар бир нече күн өткөн соң, кайра башка айылдан  майда мал жандыктарын уурдашкан.

2019-жылдын 20-январында милицияга Ысык-Көл облусунун Тоң районунун жашоочусу кайрылып,  арызында Комсомол айылынын жанынан болжол менен түнчүндө белгисиз адамдар тарабынан 30 баш кой уурдалгандыгын көрсөткөн. Жогорудагы факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып,  сотко чейинки иликтөө башталган.

Иликтөөгө Кыргыз Республикасынын ИИМдин КМКнын 2-башкармалыгынын кызматкерлери киришкен. Айыл чарба жандыктарын уурдоонун бетин ачуу көп учурда жогорудагыдай кылмыштардын түрлөрүн жасоо ыкмалары менен анын байланыштарын билүүдөн көз каранды. Ошондуктан айыл жергесиндеги жарандардын мүлктөрүн уурдоонун шарттары жана ыкмалары башка жерлерде жана обьекттерде жасалган уурулуктан айырмаланы турат. Жогорудагы уурулук фактысы боюнча ыкчам иш-чараларды 2016-жылы Тоң, Кочкор, Кемин жана Ысык-Көл райондорунун аймагынан жылкыларды үйүрү менен айдап кетишкен айыл өкмөттүн мурдагы башчысы башында турган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармашкан, ал эми 2017-жылы Чүй, Жалал-Абад, Ош облустарынын аймагында миллиондук чыгым келтирген мал уурулардын тобун колго түшүрүшкөн криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери жүргүзүшкөн. КМКнын ыкчам кызматкерлери мал уурдаган топту тыкыр иликтешип, алардын иш-аракетин, кылмышты жасаган ыкмаларын, сатып жүрүшү мүмкүн болгон жерлерин изилдей башташкан. Комплекстүү ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, тергөөнүн бир катар тапшырмалары аткарылган. Уурдалган малдарды сатып алгандар такталып,  мал ээлери өздөрүнүн уурдалган малдарын таанышкан.

Окшош материалдар:  Караколдо мектеп окуучу эмне үчүн өлтүрүлгөндүгү айтылды

Тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүүнүн натыйжасында ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын 2-башкармалыгынын  кызматкерлери шектүүлөрдүн өздүгүн такташкан. Үч жарандан турган мал уурулардын тобу кармалган. Алар, 1979-жылы туулган Ш.Ж. аттуу жаран кылмыштуу топту уюштурган жана мурда Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш жоопкерчилигине тартылган, 1991-жылы туулган Ж.А., 1992-жылы туулган Ж. уулу Т. аттуу жарандар классташтар болушат.

Кийинки жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө кармалган жарандардын көрсөтмөсү менен 2019-жылдын февраль айында Чүй облусунун Токмок шаарында уурдалган малдардан көбү табылган.  Жабырлануучуларга уурдалган 20 баш кой өткөрүлүп берилген. Божомолдонгондой эле, кылмышкерлердин арасында жергиликтүү аймакты жакшы билген мурда мал багуучу болуп иштеген жаран бар болгон. Болжолдуу маалымат боюнча кылмышкерлер түнчүндө уурдашып, жүк ташуучу унаага салып, коңшу облустун аймагына алып кетип жүрүшкөн. Токмок шаарына мал сатып алуучуларга сатып жүрүшкөн.

Кармалган жарандар азыркы учурда Ысык-Көл облусунун Тоң РИИБге жеткирилип, сотко чейинки иликтөөлөр жүрүп жатат. Жогорудагы кылмыш ишине тиешеси бар башка жактар аныкталып жатат.

fakt.kg

 

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful