Templates by BIGtheme NET

Министр Кудайбердиеванын Кулматовдон эмне айырмасы бар?

Башкы прокуратуранын маалымат кызматы Билим берүү жана илим министрлигин текшерип, жаңы окуу китептерин даярдап, басып чыгарууда бир нече мыйзам бузуу аныкталганын билдирди. Маалыматка ылайык, Дүйнөлүк банк Кыргызстанга «Билим берүү тармагындагы реформаны колдоо» долбоору аркылуу грант жана насыя түрүндө 16,5 млн. доллар бөлүп берген.

Бул сумманын 4 млн. 168 миң доллары 5-6-класс үчүн окуу китептерин даярдоого жана басып чыгарууга жумшалган. 2016-жылы сынакты утуп алган “БК” компаниясы жаңы окуу китептерин келишимдеги бир нече шарттарды бузуп даярдаганы айтылат. Анын жыйынтыгында 2018-жылы сапатсыз жана талапка жооп бербеген китептер басылып чыккан. Мындай окуу китептерин басып чыгарууда жалпысынан 32 млн. 749 миң сом максатсыз пайдаланылган деп табылды. Учурда бул факт кылмыштарды каттоо боюнча реестрге жазылып, китепке тиешелүү бардык тараптарды текшерүү башталды. “Адалсынган молдонун үйүнөн алты камандын башы чыгыптыр” деген ушул да. Анткени, эң кедей министрлик бизбиз деп айтуудан чарчабагандар 32 миллиондоп жеп жатса, башка чоң каражаты бар министрликтер канчадан жеп жатканына эсеп да жетпесе керек. Өлкөдө коррупционерлерге каршы күрөш жүргүзүү программасы менен камалгандардын катарына Гүлмира Кудайбердиеваны да кошуп камап, анан териштирүү керек. Мекемесинен табылган коррупциялык системага Кудайбердиева кандайча тааныш эмес. Документтерге кол кою, макулдашуулардын баары министр аркылуу ишке ашат, анан эле кантип коррупциялык иштерди өзү билбей калсын. Мисалы, мектептердин акчасын жеген деп күнөө тагылган Кубанычбек Кулматов мэр кезинде курулуп жаткан мектепте күрөк кармап курулушта иштебесе керек. Бирок, ал азыр камакта олтуруп сурак берип жатат да. Азыр абакта жооп берип жаткан айрым адамдардын ишине караган бул жерде айтылып жаткан акчанын көлөмү чоң болуп жатпайбы. Ошондуктан бийлик “кол ийрисине” тартты кылбай Гүлмира Кудайбердиеванын өзүн териштирүү иштери бүткүчө башка айыпкерлердей же шектүүлөрдөй эле убактылуу камалуучу жайга киргизилишине да чара көрүшү керек.

Окшош материалдар:  Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилиги камакка алынды

fakt.kg

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful