Ошто жол кырсыгы катталып, төрт окуучу жабыркады

68

 Ош шаарында эки унаа кагылышып, төрт мектеп окуучу жабыркады. Бул тууралуу аталган шаардын ЖКККББнын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы Масалиев көчөсүндө болгон. Маршрутка менен жеңил унаа кагылышып, төрт окуучу жаракат алып, ооруканага жаткырылган.Териштирүү иштери жүрүүдө.

fakt.kg

Бөлүшүңүз