Рита Карасартова: “Коррупцияга каршы кызмат каалаган кишини кылмышкер кылганга мүмкүнчүлүгү бар”

49

Рита Карасартова  Фейсбук баракчасында Батыралиевди бийлик камай турган болсо, аны коргоо үчүн радикалдуу кадамдарга бараарын жарыя кылган. Ошол жазылган постуна комментарий сурап кайрылып төмөнкү жоопту алдык.

 

-Сиздин фейсбуктагы баракчаныздагы Батыралиевди коргоо боюнча айтылган чечимиңиз тууралуу билели дедик эле?

-Бул жөн эле коргоо эмес, а камоого каршы жасалган иш. Эптеп камап алса, андан ары тергөө жүргүзбөй жүргөндөрүн көрүп жатабыз. Ар бир аткаминер, өз ыйгарым укуктарынын чегинде жооп бериши керек, а бул келишимди Батыралиевке чейин эле  эл аралык уюм тендерди утуп Кыргыз Республикасына алып келеген. Эсеп палатасы 5 жылдан бери алып келинип жаткан гемодиализди, качан аныкташты жана кандай чара көрдү. Бул маанилүү анткени, бийликке жакын болсо көздү жумуп, бийликтен кеткенден кийин статистика үчүн кылмыш иш козгоп каражат табууга өтүшкөнүн көрүп жүрөм. Батыралиев бийликте кимдин куйругун басып кимисине жакпай калганын билбейм, бул маселени дыкат иликтөө керек. Анткени дары дармек алып келген компаниялар кайсы министр келбесин лобби менен иштеп келишкен. Убагында бир препаратты товардык жүгүртүүдөн чыгарабыз деп, укук коргоочулар соттон сотко чуркап, соттон утулуп шаймандары ооп, араң жүгүртүүдөн алышкан. Ошондо өз жон- терибиз менен дары дармек мафиясынын күчүн билгенбиз.

-Негизи эле мындай “радикалдуу “ кадамга барам дегениңиздин себеби эмнеде?

-Себеп, системдүү маселе чечилбей куугунтукка курал болуп калды. УКМКнын коррупцияга каршы кызматы каалаган кишини кылмышкер кылганга мүмкүнчүлүгү бар. Ушул бойдон бара берсек коррупция дагы азайбайт, камалгандар дагы азайбайт. А өнүгүүгө качан барабыз? Мен эч качан Батыралиев менен байланышкан эмесмин, жеке мамилем да жок.

fakt.kg

Бөлүшүңүз