Templates by BIGtheme NET

Мугалимдер банк аркылуу пара алып калышканбы?

Учурда эмне көп бей маани, бей маңыз ачылган ийрим (кружок), курстар, билимканалар көп. Бирок кеп ал ачылган билим алчу жайларда эмес, анын берген билиминин сапатында. Жеке адам ачып иштеткен мындай жайлар жөнүндө азыр унчукпай турууну эп көрдүк, бирок мамлекеттик мектептерде ачылган саны бар, сапаты жок анысы аз келгенсип аз эмес акча сураган ийримдерге эмне дейбиз. Же чынында эле билим берүү министрлиги терең талдап изилдебей туруп мындай ары эмес же бери эмес “кружокторду” ачууну мектептердин жетекчилигине берип койгонбу?

Анткенибиздин себеби, борборубуздагы  №68-гимназияда ачылган “Салттуу Музыка” ийрими бар. Бул ийримге ата энелер 1200сомдун тегерегинде акча төлөшөт, кызыгы банк аркылуу. Акча төлөбөй,  баласын жибербей коёюн десе баласынын көңүлүн кыя албайт. Өсүп келе жаткан жеткинчек  теңтуштарынан артта калса ыза болобу деген ойдо аргасыз ата энелер мындай амалкөйлүк менен түзүлгөн системанын курмандыгы болуп келишет. Деги эле кандай ийримдер иштеш керек, канча акча төлөнүшү керектиги тууралуу билим министрлигинде иштелип чыккан жол жобосу барбы, бар болсо кандай? Аталган министрлик буга тезинен көз салбаса, мугалимдердин дискриминациясынын айынан каза таап коомчулукка белгисиз калган окуучунун сөөгү сууй электе дагы бирөөлөрдүн убалына калаары турган иш.

fakt.kg

Окшош материалдар:  Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз бузуп өткөндөр кармалды

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful