Templates by BIGtheme NET

Милици кызматкерлери медалдар менен сыйланышты (Фото)

Бүгүн, 2019-жылдын 11-январь күнү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинде милиция кызматкерлери саптык кароодон өтүштү. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Аталган иш-чара Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басарлары, милициянын полковниги Алмаз Орозалиев менен милициянын полковниги Мирлан Каниметовдун жана ИИМдин Борбордук аппаратынын өздүк курамынын катышууларында өттү.
Саптык кароо мамлекеттик тууну көтөрүү менен башталып жана гимндин аягында ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиев Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Кашкар Джунушалиевдин буйругу менен жарандык жана кызматтык милдеттерин үлгүлүү аткарышкандыгы, андан сырткары өрттөн адамдарды куткарып көрсөткөн эрдиктери үчүн Октябрь РИИБнын 3-4-шаардык милиция бөлүмдөрүнүн милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлдөрү, милициянын лейтенанты Мурзабеков Мыктыбек менен милициянын кенже лейтенанты Ислам Абдурахмановдор “Кыргыз милициясына 90 жыл” юбилейлик медалы менен сыйлады. 2019-жылдын 27-январь күнү Октябрь РИИБнын 3-4-шаардык милиция бөлүмдөрүнүн милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлдөрү, милициянын лейтенанты Мурзабеков Мыктыбек менен милициянын кенже лейтенанты Ислам Абдурахмановдор 4-кичирайонунда жайгашкан № 33-үйдөгү өрттөнүп жаткан батирден балдарды жана чоңдорду куткарып чыгышкан.


Андан соң, министрдин орун басары Алмаз Орозалиев ИИМдин борбордук аппараттын өздүк курамынын сырткы көрүнүшүн, кызматтык документтерин текшерди. Андан сырткары, кызматкерлердин тыкандуулугуна өзгөчө көңүл бурду.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын ИИМдин Борбордук аппаратынын жалпы өздүк курамы салтанаттуу жүрүш менен өтүп, саптык даярдыгын көрсөтүштү. Саптык кароонун аягында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Борбордук аппаратынын кызматкерлеринин сырткы көрүнүшү баардык талаптарга жооп берет жана аныкталган кемчиликтерди жоюу керектиги жетекчилик тарабынан белгиленди. Андан соң өздүк курам өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткарууга киришти.

fakt.kg

Окшош материалдар:  Чет өлкөдөгү кыргыз мигранттарынын саны айтылды

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful