Templates by BIGtheme NET

Мыйзамсыз виза менен чет өлкөлүк жарандар кармалды

КР мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүү аракетин көргөн чет элдик жарандар кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

2019-жылдын 6-февралында Кыргыз Республикасынын УКМК Мамлекеттик чек ара кызматы менен биргеликте «Манас-аэрапорт» Контролдук текшерүү пунктунан эл аралык авиа каттамынан, КР жасалма электрондук визасын колдонуп, мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган Нигериянын жарандары 1979-ж.т. Икене Анайо, жана 1997-ж.т. Карим Ахмед Оламилекан кармашкан.

Тышкы мигранттарды каттонун бирдиктүү системасы (ТМКБС) боюнча текшерген учурда, аталган адамдардын Кыргыз Республикасынын электрондук визасы жараксыз экендиги аныкталды.

Иликтөө иштеринин жыйынтыгында алар мамлекеттен келген жагына кайтарылды.

Азыркы учурда тышкы мигранттарды каттонун бирдиктүү системасынын (ТМКБС) 2-этабын ишке киргизүү пландаштырылып жатат. Бул система тышкы миграцияны натыйжалуу көзөмөлдөөгө, министрликтер жана мекемелерге өлкөдөгү миграциялык кырдаалды анализ кылууга мүмкүнчүлүк берет.

fakt.kg

Окшош материалдар:  Россиядан атайын Баткенге учуп келген жаран кошунасын атып салган

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful