Футбол федерациясын “Раим миллиондун” адамы жетектейт

83

Эки күн мурда эле Кыргыз Республикасынын футбол федерациясынын президенти шайланганы белгилүү. Аны шайлоонун алдындагы шайтан оюндары да маалым болду.

Себеби, федерациянын төрагасын дайындоонун алдында бул жааттагы “дөө- шаалар” чогулушуп, федерациянын башчылыгын Аскар Салымбековго алдырып ийсек “Дордой” клубу менен эки тизгин бир чылбырды колуна алып алса бизге кыйын болот, башка кандидат издеш керек деп маселе коюшкан. Имишке караганда баары ошол акылга келишип эми кимди “Ким” аркылуу шайлайбыз деп чуу түшүп, акырында “Раим миллионго” кайрылууну туура көрүшкөн. Ошентип, футбол федерациясынын жетекчилигине кандидаттардын арасында аты да эске алынбаган орун басар Раим акесинин колу менен келип эң акчалуу, дүйнөдө эң популярдуу делген спорт түрү боюнча жетекчи болуп калды деген имиш тарады. Тамсилдикиндей болуп мүлкү, байлыгы текшерүүгө алынып жаткан адамдар мындай көрүнбөс күчкө ээ болсо. Текшерүү болбогондо “Раим миллион” каймана атуу “олигарх” мамлекеттик кандай деңгээлдеги иштерге чейин кийлигише алмак деген кеп.

fakt.kg

Бөлүшүңүз