Өзүн «Сооронбай Жээнбековдун группалашымын» деп тааныштырган жарандын кайрылуусу

112

Ж.Асанбеков: “Мен Кыргыз Республикасынын Президенти С. Жээнбеков менен
эч кандай байланышым жок  жана эч качан жакын  тааныш болгон эмесмин.
Мен аны жалпы кыргыз эли сыяктуу Кыргыз Республикасынын Президенти
катарында гана тааныймын»,-деп билдирген. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

2019-жылдын 6-февраль күнү “Фейсбук” социалдык тармагында Кыргыз  Республикасынын Президенти С.Жээнбековго  Аламүдүн районунун  Үмүт жаңы  конушунун тургуну 43 жаштагы Майрамкүл Жумабаева кайрылуу жасап,  анын  мурдагы жолдошу (2015-жылы каза болуп калган) Барчынбек Бугубаевдин бир тууган агасы 1950-жылы туулган  Жолдошбек Асанбеков президенттин  группалашы болом, жакында сенин кыздарыңды өлтүрүп кетебиз деп коркутуп
жатканын билдирип, жардам сураган видео кайрылуусу    жарык    көргөн.
Аталган видео кайрылуу ички иштер органдары тарабынан тыкыр териштирүү учурунда төмөндөгүлөр аныкталган: Аламүдүн районунун  Үмүт жаңы конушунун М.Жумабаева мурдагы жолдошу Б.Бугубаевдин агасы Ж.Асанбеков,  жолдошунун биринчи жубайы К.Мамытова жана анын баласы Ш. Бугубаев Бишкек шаарынын Кара-Жыгач жаңы конушунда жайгашкан алты соток жер тилкесинде жайгашкан  үйдү,  жолдошу Б.Бугубаев мас болуп жатканда баласына
каттатып, М.Жумабаеваны үйдөн кетирип жиберген.  Ошол үйдү  өткөрүп берүү боюнча Ж.  Асанбековго жазылган ишеним катты жокко чыгаруу боюнча арыз менен кайрылган жана аталган иш Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда каралып,  ал жерден объективдүү чечим чыкпай жатканын байланыштуу  карап чечип объективдүү чечим чыгышына жардам берүүнү суранып ал Кыргыз республикасынын премьер-министрине кайрылгандыгы белгилүү 2019-жылдын 18-январь күнү  М.Жумабаеванын арызы Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматына тапшырылып 2019-жылдын 4-февраль күнү кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине М.Жумабаеванын арызы  КЖКнин 204-беренеси боюнча (Алдамчылык) катталып иликтөө иштери башталды. Сотко чейинки өндүрүш процессинде М.Жумабаева, Ж.Асанбеков, К.Мамытова жана анын баласы Ш. Бугубаевдер өз көрсөтмөлөрүн берип жатышат. Ушул жерден тактап айтып кете турган нерсе, азыркы учурда Президенттин атына жамынгандар, аны кандайдыр бир жарандарга тааныштыгы, жакындыгы бар деген жалган кайрылуулардын пайда болуп жаткандыгы бардыгыбызды өкүндүрөт. Ушул эле Майрамкүл Жумабаеванын кайрылуусу  жалган экендигин Жолдошбек Асанбеков мындай белгилейт: “Мен инимди алдап же арак берип ишеним кат жаздырган эмесмин жана Кыргыз Республикасынын Президенти С. Жээнбеков менен эч кандай байланышым жок  жана эч качан жакын  тааныш болгон эмесмин. Мен аны жалпы кыргыз эли сыяктуу Кыргыз Республикасынын Президенти катарынада гана тааныймын”,-деди

Дагы бир тактап айта кете турган нерсе  2018-жылдын  19-декабрь күнү  Бишкек шаарынын Октябрь РИИБна 1966-жылы туулган Кымбат Мамытова (Б.Бугубаевдин биринчи аялы) арыз менен кайрылган, анда ал М.Жумабаева Майрамкүл тынчтык бербей,  Бишкек шаарынын Кара-Жыгач жаңы конушунда жайгашкан  Кереге Таш көчөсүндөгү үйдү талашып жатканына мыйзам чегинде чара көрүү боюнча арыз менен кайрылгандыгы  боюнча да учурда кайрадан каралып 2019-жылдын  2-февраль күнү кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган, сотко чейинки өндүрүш башталгандыгын билдиребиз “Фейсбук” тармаганда таратылган видеотасма боюнча М.Жумабаева Бишкек шаарынын кафелеринин биринде отурганда, ага Роза Маманова аттуу киши келип, окуя боюнча аябай сурап, андан кийин окуясын видеотасмага айтуусун суранган кезде М.Жумабаева Роза Маманованын суранычы боюнча
видеотасмага окуясын айтып берип, Р.Маманова аны жаздырып социалдык тармактарда тараткандыгы да аныкталды.

Учурда Майрамкүл Жумабаеванын видео кайрылуусу боюнча бардык материалдар кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган, сотко чейинки өндүрүш башталгандыгын билдиребиз. Ошондой эле аталган кылмыш ишинин тергелишин ИИМдин тергөө кызматы көзөмөлгө алып анын так жана акыйкат  тергеп, өз убагында сотко жөнөтүлө тургандыгын да баса белгилейбиз.

fakt.kg

Бөлүшүңүз