Templates by BIGtheme NET

Пирожки, самсы саткандар дагы “ID бокс “ алганга милдеттүү

Кыргызстандын депутаттары чийки мыйзамдарды кабыл алууга чебер чыгармачылдары катары  узун элдин учуна, кыска элдин кыйырына таанылып бүтүштү. Анысы аз келгенсип “улут жазылбасын” деген чечими үчүн улуттун нааразычылыгынын аягы суюла элек жаңы паспорттун дагы бир чуусунун башы кылтыя баштады.

Бул жолку чакан ишкерлердин нааразы кылган чуунун автору Мамлекеттик мүлк фонду. Фонддун айтымында, ар бир ишкер ижарага имарат алуу үчүн келишим түзөөрдөн мурда жаңы паспортторду текшере турган “ID бокс “ сатып алышы керек. Эгер, аны сатып албаса келишимден кол жууйт. Макул сатып алышсын дейли, бирок бул аппараттарды сата турган кандайдыр бир мамлекеттик органга таянып алган үч күндүк ишкерлердин акча табуу амалы эмес дегенге ким кепил боло алат. Болбосо, мамлекеттик имараттан ижарага кичинекей бөлмө алып болор болбос нерсе менен ручка сатып, пирожки, самсы сатып күн көргөн жөнөкөй жарандарга мындай аппарат сатып алуунун кереги барбы деген суроо туулат. Эмнеси болсо да ар бир ишти жети өлчөп бир кесчү адилет бийлик, элге күйгөн адам келгенче карапайым калк азабын тарта берет окшойт.

fakt.kg

Окшош материалдар:  Апрель айында Сооронбай Жээнбеков эки өлкөгө барат

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful