Templates by BIGtheme NET

Жогорку сот мурдагы вице-премьер-министрди актады

Камакта отурган мурдагы вице-премьер-министр Бекболот Талгарбеков “бийликти күч менен басып алганга аракет кылган”- деген иш боюнча Жогорку сот актады. Бул тууралуу VB.KG жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Талгарбеков КРнын КЖКнин 295 жана 299- беренелери боюнча соттолгон.

“Сот аны 295-берененин негизинде актады. Бирок сот региондор аралык жаңжалды козутуу боюнча өкүмдү күчүндө калтырды. Талгарбеков 14 жылга кесилген. Эми ал 5 жыл гана отурат. Жогорку соттун чечими болгондуктан, эми анын шарттуу түрдө эрте бошонууга укугу бар”- дейт  Саясий туткундарды коргоо комитетинин жетекчиси Сапар Аргымбаев.

Эскерте кетсек, 2016-жылы 12-майда “Элдик парламент” бирикмесинин лидерлери,  Бекболот Талгарбеков, Төрөбай Колубаев жана Марат Султанов УКМКнын кызматкерлери тарабынан бийликти басып алууга даярданышкан деп шектелип кармалышкан.

Биринчи май райондук соту Талгарбеков жана Колубаевди 14 жылга,  ал эми Султанов 10 жылга эркинен ажыратылган.

fakt.kg

 

Окшош материалдар:  Тарых музейин оӊдоодо мамлекетке канча зыян келтирилгени аныкталды

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful