Templates by BIGtheme NET

Атамбаевдин жансакчысы мамлекеттин аброюн түшүрдү деп айыпталууда

Аскер прокуратурасы Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 9-бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Дамир Мусакеев маалымат таратты.

Аскер прокуратурасынын маалыматына ылайык, 9-кызматтын мурдагы жетекчиси 15 батирди мыйзамсыз бөлүп берген. Ал эми үйгө муктаж болгон кызматкерлер батири жок калышкан.

“Мусакеев кезекте турбаган кызматкерлерге 15 кызматтык батир бөлүп берген. Анын кол алдындагы үч кызматкери эки  жолудан үй алышкан. Кезете туруп, үйгө  чынында муктаж болгон 18 кызматкер үй ала албай калышкан ” – дейт маалыматта.

Мындан тышкары,  Дамир Мусакеевдин иш аракеттеринин айынан мамлекеттик бийликтин аброю түшүп, жарандардын мамлекеттин мыйзамдуулугуна жана социалдык адилеттүүлүгүнө  ишеними кетти.

Аталган факт боюнча УКМКнын тергөө иши учурунда жабыр тарткандар кайрылышкан.

2019-жылы 7-февралда аскердик прокуратура Мусакеевге карата КРнын КЖКнин 320- берененин негизинде “Кызматтык абалынан кыянаттык менен колдонгон”  деп айып тагылып.  Биринчи май райондук соту Мусакеевди өлкөдөн чыкпоо тууралуу чечим чыгарды.

fakt.kg

Окшош материалдар:  Апрель айында Сооронбай Жээнбеков эки өлкөгө барат

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful