Түркияда көп кабаттуу үй кулап, 5 жашар кыз 19 саат урандылардын астында жаткан

69

Түркиянын Стамбул шаарында алты кабаттуу турак үй кулап калган. Бул тууралуу түркиянын маалымат булактары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, кырсыктан 6 адам каза болуп, 14 адам жабыркаган. Куткаруучулар 19 саат урандылардын астында жаткан  5 жашар кызды  куткарып калышты. Кыздын абалы канатандыраарлык. Анын колу жана буту сынган.

fakt.kg

Бөлүшүңүз