Техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам учак 11 саатка кармалды

36

 «Манас» эл аралык аропортунан Бишкек-Стамбул эртең мененки каттамы эмне себептен кармалгандыгы тууралуу билдирди.

“Техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам “Пегасус” авиакомпаниясынын каттамы саат 18:30га жылдырылган. Саат 07:00дон бери каттам эки ирет жылдырылды. Кээ бир каалоочуларга билеттердин толук баасынын акчасы артка кайтарылды  жана мейманканадан орун берүү менен билеттердин күнүн башка күнгө жылдырылып берилди. Ал эми калган жүргүнчүлөргө ысык тамактар уюштурулду”- деп билдирди аэропорттон.

Мындан тышкары, учакта эч кандай түтүн чыкпагандыгын кошумчалашты.

fakt.kg

 

 

 

 

Бөлүшүңүз