Албек Ибраимов иш бөлмөсүнөн 250 миң доллар пара алган

6

Бүгүн, 7-январда Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев маалымат жыйынында, экс-мэр Албек Ибраимов иш бөлмөсүнөн 250 миң жана 20 миң АКШ доллар пара алган деп билдирди.

Анын айтымында, Албек Ибраимов бир катар кылмыш иштеринде шектүү катары өтүүдө. Алардын бири “Дастан” ТНК боюнча,  Анын чыгымы  22 миллион сомду түзгөн. Мындан тышкары юридикалык, физикалык жактарга жер тилкелерин колдонууга бергендиги боюнча эки иш каралууда, анын чыгымы 5 миллион сомду түзгөн.

“Белгилүү болгондой Албек Ибраимов мэр болуп турганда 250 АКШ долларын жана  20 миң АКШ долларын ОсОО “Дастан Инжинирингдин” кассасынан алынган акчаны алган” – дейт Дамир Сагынбаев.

fakt.kg