Templates by BIGtheme NET

Кубанычбек Кулматов эки мектептин ордуна бир мектеп салган

Экс-мэр Кубанычбек Кулматов эки мектептин ордуна бир мектеп салган. Бул тууралуу бүгүн, 7-январда маалымат жыйынында  Коопсуздук Кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев билдирди.

Анын айтымында, 128 миллион сом гранттык каражатка Билим берүү жана илим министрлиги эки мектептин курулушун дайындап койгон. Алар Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Кыргызстан айылына жана Чүй облусунун Москва районуна караштуу Беловодск айылында курулмак болгон.

“Бирок Кубанычбек Кулматовдун кийлигишүүсү менен каражат  Бишкек шаарындагы мектептердин бирин курууга жумшалган. Аталган мектептин курулушу жүрүп жатканда, бюджеттен кошумча дагы 104 миллион сом алынган. Жыйынтыгында мектепти 230 миллион сомдон ашык каражатка курушкан. Белгилей кетсем, Алай районундагы билим берүү мекемесин 70 миллион сомго гана курулган”- дейт Сагынбаев.

Кубанычбек Кулматов мамлекетке жалпысынан  94 миллион 884 миң сом чыгым келтирген.

fakt.kg

 

Окшош материалдар:  Алмамбет Шыкмаматов АКШнын элчиси Дональд Лу менен жолугушту

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful