Чала таанышы ала качып кеткен кыз 3-кабаттан секирип кеткен

53

Казакстандын Шымкент шаарында  ала качып кеткен кыз өз жанын кыюуга аракет кылган. Бул тууралуу Tengrinews.kz жазып чыкты.

18 жаштагы Аружанды  2019-жылдын 18-январында Султан аттуу жигит каалоосуна карабай ала качып кетип, зордуктап салган.  Алардын таанышканына аз гана убакыт болгон. Султан Аружанды басынтып, 31-январда анын өз өмүрүнө кол салуусуна түрткү болгон.

Аружан  жөнөкөй үй-бүлөнүн кызы, ал келечекте ар бир кыз сыяктуу эле келечегин жаркын элестетсе керек. А бирок азыр анын келечеги кандай болоору белгисиз, анткени ал алган жаракатынан  улам майып да болуп калышы мүмкүн.

Аталган факт боюнча Шымкенттин полиция кызматкерлери  кылмыш ишин козгоп, сотко чейинки тергөө иши жүрүүдө.

fakt.kg

Бөлүшүңүз