Абдымалик Мырзаев: «Өкмөт толук курамы менен кызматтан кетиш керек»

101

Кечээ, 5-февралда Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев маалымат жыйынын өткөргөн. Жыйындын алкагында министр 2018-жылдагы ИИМдин ишине канааттандыраарлык баа берерин билдирген.

Бирок коомчулук аталган министрдин ишине нааразы экендиги жана кызматтан кеткени туура болот деп айтып жатышат.

Ички иштер министрлигинин ишмердүүлүгү боюнча Улуттук банктын мурунку орун басары жана “Народный фронт” коомдук бирикмесинин төрагасы Абдымалик Мырзаев fakt.kgге пикирин билдирди.

“Элбиз канча жылдан бери  сот, укук корго системасында жакшы бир реформа болот деп  үмүттөнүп жашап келе жатышат. Бирок тилекке каршы эч кандай реформалар болгон жок. Коопсуздук кеңешинин  жыйынында президент кээ бир министрликтерге нөл деген баа берди. Бирок баа бергенден кийин Башкы прокурорго айтыш керек эле,  ушул  кишилерге кылмыш ишин козгоп жоопко тарткыла деп. Бирок президенттин оозун мындай сөз чыккан жок. Мына шаарыбызда канча деген адамдар жол кырсыгынан каза болуп жатат. “Коопсуз шаар”, “Акылдуу шаар”-  деп коюшат,  бирок эч кандай  жыйынтык жок. Менин оюмча Ички иштер министри кызматтан  кетиш керек.  Ачыгын  айтканда бир эле ИИМдин эмес,  премьер-министр баш болуп толугу менен кетиш керек.  Реформада эң биринчи эл, башкара турган адамдарга талап коюшу шарт. Мындайча айтканда, элдик бийлик орнош  керек. Элдик бийлик дегендин  мааниси,  эл бийликке өз талабын коюш керек. 28 жыл болду эл бийликке бир да талап койбойт. Бийликтин эл алдында эч кандай  жоопкерчилиги жок бийлик эч качан эл үчүн кызмат кылбайт”- дейт Абдымалик Мырзаев.

Абдымалик Мырзаев: «Кыргызстан Кытайга болгон карызынан улам көп жерлеринен айрылып калышы мүмкүн»

fakt.kg

Бөлүшүңүз