Templates by BIGtheme NET

Казак жараны: “Өрттөн каза болгон кыздарга боорум ооруган жок”

Астанада дүйшөмбүгө караган түнү өрттөн каза болгон беш бала жерге берилди. Аларды акыркы сапарга узатуу зыйнатына жүздөгөн адам катышты.

4-февралга караган түнү Астананын Шынгыстау көчөсүндөгү жеке турак-үйдө өрт чыгып, анын чатыры кулап түшкөн. Өрт жайылган аянт 30 чарчы метрди түзгөн.

Өрт тутанган учурда бир тууган балдар үйдө өзүлөрү эле болушкан. Балдарын жоготкон ата унаа оңдоочу жайда иштейт. Апасы болсо үч күн мурда эле пластик карталарын өндүрүү заводуна жумушка орношкон.

Бул каргашалуу окуяга Казакстандын гана эли эмес, бүт КМШ өлкөлөрүнүн жарандары кайгырды.

Бирок, табалагандар дагы чыкты. Казакстандын жараны каза болгон 4 кызга боору оорубастыгын жазып чыкты.

“Эмне үчүн? Эмне үчүн кыздардын ата-энесине бир дагы тамчы боорум ооруган жок. Мен эркек бала төрөлгөнгө чейин балалуу боло берген үй-бүлөлөрдү эмнеге жек көрөм? Эмнеге биздин коом түшүнбөй жатат, балдардын аз болгону жакшы жана ар бирине убакыт бөлүү керек. Айтор төрөй берели, бирөөсү адам болуп чыгат деп айтканды казактар жакшы көрөбүз.  Анан төрөй беришет…Адамдар азыркыга чейин түшүнө албай жатышат, никени балдар сактабайт…Качан биз түшүнүктүү болобуз. Сураныч балалуу болгонго шашылбагылачы”,- деп билдирген ал.

Өзгөчө кырдаалдар комитетинин маалыматы боюнча жалын кабар түшкөндөн кийин бир саттын ичинде толук өчүрүлгөн. Өрт өчүрүү кызматкерлери урандылардын арасынан беш баланын сөөгүн табышкан. Алардын эң кичүүсү бир жашта болсо, улуусу 13 жашта болгон.

Ну почему? Почему я не чувствую ни капли сочувствия к родителям погибших пятерых девочек????? Почему я ненавижу семьи,…

Опубликовано Gulya Zhakupova Понедельник, 4 февраля 2019 г.

fakt.kg

 

Окшош материалдар:  Зеленскийди автоунаа сүзүп кеткен видео боюнча кылмыш иши козголду

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful