Президентке жардамы тийбеген Кадр кызматынын эмне кереги бар?

71

Президент Сооронбай Жээнбеков  канчалык өлкөнүн экономикасын көтөргөнгө аракет кылбасын, бирок, кадр жактан кыйналып жаткандай. Бардык эле тармакка өзү кадрларды көзөмөлдөгөнгө кайдан жетишмек эле.

Көпчүлүк маалыматтарды карасак эле мурда соттолгон, мамлекеттик казынага кол салган же башка терс себептер менен кызматтан кеткендер кызматка келип жатат. Бул жерде президентке кол кабыш кылып кадр тандоодо Мамлекеттик кадр кызматы жардам бергендин ордуна, кайра жогоруда айтылган жүйөөлөр менен кызматтан кеткен адамдарды кызматка алганга көмөктөшүп жатат. Буга мисал келтирсек, Мамлекеттик кадр кызматы кээ бир мекемелердин өздөрүнүн адамы өтпөй тест боюнча конкурстан калса, Мамлекеттик кадр кызматы ал конкурсту жокко чыгарып кайрадан конкурс жарыялап, ал мекемелер өз адамын өткөрүп келишет.

Же болбосо дагы жагдайы, эң жогорку балл менен өткөн жаран маектешүүдөн өтпөй, эң төмөн балл алган жаран кызматка алынып жатат. Эгерде, жогорку балл алгандарды коргобосо, анда Мамлекеттик кадр кызматтын кереги эмне. Анда көрө Кадр кызматты жоюп салып эле, ар бир мекеме өзү маектешүү өткөрүп кызматка ала берсе болбойбу? Президентке кадр тандоодо жардамы тийбеген Мамлекеттик кадр кызматынын эмне кереги бар. Элден чогулган салыктын эсебинен багып аларды.

Fakt.kg

 

Бөлүшүңүз