Templates by BIGtheme NET

Ойнош-оттон ысык, кардан-муздак

“Ойнош- оттон ыссык” деп айтылган сөз туура өңдөнөт. Бир кездерде менин да башыма кара күн түшүп, “ойнош” деген суук сөздү жек көрүп, турмуштун татаал жолунда чайналып, тлюозок күндөрдү башыман өткөрдүм. Жашым 52де. Мындан 5 жыл мурда жолдошум көзүмдү оюп ойноштоп кеткен эле. Баарын башынан баяндап берейин.

Жолдошум адамгерчиликтүү, бирөөгө катуу сүйлөбөгөн жан эле. Абдан ишенчээк болчу. Аны алдоо кыйынга турбайт, оңой алдана турган. Тамак-аштын бардык түрүн катыра жасап, абдан даамдуу даярдайт  эле. “Сен отура тур мен азыр сонун тамак  жасап берем, телевизор көрүп эс ал”,-деп кудуңдап, сүйүнүп өзү  ашканага жөнөп кетээр эле. Тооктун бутун духовкага салып, жытын буркуратып бышарат дейсиң. Жытынан эле курсагың ачып, жегенге шашасың. Жаман сапаттары деле жок эмес эле. Жаманы жан үрөп иштебегенинде болчу. Оор жумуштардын баарын мен жасайм. Ал оңоюн дегендей. Абдан жанын аяган адамдардын катарын толуктайт.  Машинасы менен киши ташып иштейт эле. Аяштарыбыз менен коноко барып калсак  “Айназик, ме муну же, бул ширени ич, менин тортумду да сен жеп ал, мен ооз тийем болду”, деп мени камкордука алып турат. “Айназик кандай бактылуусуң, күйөөң сени аябай сүйөт”,- деп жолдошумдун  досторунун аялдары менин бактыма суктанышып, “биздин күйөөлөрүбүз дагы ушундай болсо кана” деген учурлар абдан эле көп болду. Урушуп-талашкан жокпуз, абдан бактылуу жашадык. Кудайга шүгүр 2 уул, 2кызыбыз бар. Баары үй-бүлөлүү болушту. Эң кичүү балам бир жыл болду, ал дагы өзү сүйгөн кызына үйлөндү.

Күндөрдүн биринде менин мына ушундай бактылуу күндөрүм баары жокко учурангандай болду. Дос кыздарым менен бир айда бир жолу шерине ойногон элек. Бир күнү шерине аяктап коштошуп, кеткени жатканбыз. Сабира: “кыздар бир мүнөткө токтой тургула. Айназике чындыкты айтып кетели. Качанкыга чейин андан жашырып тайсалдайбыз. Болду жетишет! Силер айта албасаңар мына мен айтам. Отургула!”,-деп өкүмдүү сүйлөдү. “Айназик. Биз сага көптөн бери бир нерсени айта албай жатабыз. Сен муну билүүгө тийишсиң  алтыным. Кулак салып угуп тур досум”,-мага кайрылып карады. Мен болсо эч нерсеге түшүнбөй башымды ийкеп койдум. Бардык кыздар менин көзүмдү карап мени аяп жаткандай туюлду. Буларга эмне болгон деги, эмнени айта албай убара болуп жатышат” деген суроолор туула берди. Бир кезде Сабира “ууф” деп алдыда сөз баштады. “Досум капа болбо кандай болбосун сага бул тууралуу билдирип коюшубуз керек. Аяш бирөө менен ойноштоп жүрөт.  Жакында анысы төрөйт экен”,- дегенин уктум. Андан аркысын билбейм. Сабиранын үнү угулбай, оозу  кыймылдап жатты. Дагы эмнелерди айтканын билбейм. Башым жарылчудай болуп, акылы кем адам сыяктуу катып калдым. Кафеден чыгып үйдү көздөй шолоктоп ыйлап баратканымды билем.  Үйгө жетип эле оозум, колдорум шишип, сүйлөй албай калдым. Башым өзүмдөн да оордой сезилип жатты. Медициналык тез жардамдын дарыгерлери келип ийне сайып, “бул нервден эже, сизге нервтенүүгө болбойт”,- деп айтышты. Күйөөң ойноштоп жүрсө кантип ойлонбой коймок элең. Дал ушул шеринеден кийин менде азаптуу күндөр башталды.

Кыздарым атасына “Ата, бул эмне кылганыңыз” ,- деп буркурап ыйлап жатышты.

– “Силер  түшүнбөйсүңөр”.

–  Ата, бул кандай шермендечилик.

– Силер  эмне мени менен урушканы келдиңерби! Келген болсоңор чырдабай жөн кеткиле.

– Ата, ал жалапка кантип барып жүрдүңүз, аймончоктой апам турса.

–  Ал жакшы аял. Аларга силердин үй-жайыңар, топтогон байлыгыңар керек эмес.

– Байкуш апам сизге эмне жамандык кылды эле, башка бирөөгө алмаштыргыдай.

-Болду башым ооруп кетти.

Адылдын көзүн кароо да коркунучтуу. Жарылып чыгып кетүүчүдөй туюлат. Алардын сөзүн аркы бөлмөдөн угуп, үнсүз ыйлап жаттым. Өзүмдү кармап ыйлабайын деп канча аракет кылдым, болбоду. Өзүнөн-өзү жаш сызылат.

Бул каргашалуу окуядан 4 күн өтүп ал бузуку да төрөптүр. Ошол түнү дарбаза тыкылдап калды. Адыл сыртка чыгып көпкө жоголуп кетти. Бузукунун байкеси келип, жолдошумдан  акча сураптыр. “Бербесең наша менен кармап, сени түрмөдө чиритем, менин милиция кызматкери экенимди жакшы билесиң да”,- деп айтып жатыптыр. Кыздарым “апа мактаган катыны акча доолап жатат, мына кызык”- дей салышты  каткырып күлүп.

Ушул 10 күндүн ичинде мактаган бузукусунун туугандарынан кутула албай калды. Жашынаарга тешик, качканга жол таппады өңдөнөт. Демейде дааратканага да алып кирген кол телефонун таштап коюп сыртка чыгып кетет.

-Айназик  эки машинаны, 2 үйдү, жерлерди, бар мүлктү балдарга анан сенин атыңа өткөрүп салалы. Анткени, баарын сен балдар менен иштеп таптың эле. Мүлктөр сени менен балдарга катталса бирин да талашканга укугу жок.

-Ансыз да бир тыйынын кармата койбойбуз.

Мен абдан катуу оорудум, ооруканага жатып күчтүү укол-дарыларды алдым. Азыр дагы бир жылда бир жолу неврологияга жатып дарыланып турам. Убагында күйөөм “кандай эркектер ойноштоп кетет, мээси жоктор”,- деп айтчу эле. Бир досунун ойношу болгон экен жолдошум мага: “ал келесоонун  жанына жакын жолобо, жаман адаты сага жугуп калбасын”,- деп айтчу. Барып өзү да ошол келесоо досунун катарын толуктап калаарын ошондо билбесе керек да.  Ооруканадан чыгып бузуку жолго баскан күйөөм менен ойношу тууралуу маалыматты  изилдей баштадым. Чогуу иштеген Элдар деген байке “Машинанын ичин үй кылып алышкан эле, ушу күйөөңө машинаны бекер алып бериптирсиң”,-деди. Эмнеге мага алдын-ала айтып койгон жоксуздар. Нике окутуп алганга чейин айтып койсоңуздар болот беле”,- десем. “Айназик өзү макул болду” деп айтты бизге. Берген суроомо күтүлбөгөн жооп алып оозум ачылып туруп калдым. Ал бузукунун боюнан түшүп калуу коркунучу болгондо дарыгерлер “сактануу” бөлүмүнө жаткызышыптыр.  Ошондо күнүнө 3 жолу барып кабар алып келчү экен. Оорукананын сейил багында экөө кучакташып отурганда сиңдимдин күйөөсү алыстан көрүп, “жездеме окшош киши экен”,- деп коюптур. Сураштырып отуруп аты Сагида экенин билдим. Жүзүн да көрдүм. Жылдызы жок, бетинен бир да нур чачырабаган, түрү суук аял экен. Сагида жолдошума: “Сиз нике окутуп койсоңуз болду, болбосо бала арам болуп калат. Баланы өзүм багып чоңойтуп алам. Үй-бүлөңүзгө кедергим тийбейт”,- деп алдап, нике окуттуруп алыптыр. Анданда кызыктуу маалыматты таптым.  Ал бузукунун боюна башка бирөөдөн болуп калган экен. Сагида шоопурлар турган жерде кафеде иштечү деп уктум. Адыл күн сайын тамактанганы кирет. Сагида “ушул Адыл байкени капканга түшүрөйүн, алдоо кыйынга турбайт”,-  деп ойлогон ой максатын ишке ашырыптыр. Болгондо да күчтүү деген көзү ачыктырга барып, дубалатып алыптыр. Дубаланган нерселерин Адылдын тамагына кошуп берип дегендей. Дал ушул дубанын күчү менен Сагидадан кете албай калыптыр. Сагидадан кете албай калганы аз келгенсип, баары менен айтышып жүргөн. Ошол мезгилде сүйлөгөн сөздөрүн билбейт. Адылга чейин эле далай эркектерди суугарып, жүргөнүн, ишенчээк жаны байкабаптыр да. Сагиданын жалган сүйүүсүнө мас борлуп, учуп жүрө бериптир.

Заманаң кургур десе. Азыркы ата-энелердин балдарына берген тарбиясына да түшүнбөйсүң. Ошо бузукунун ата-энеси баарын билчү экен. Күйөө сөрөйүм үйлөрүнө барып жүрүптүр.  Эптеп ушу Адылдан (күйөөм) төрөп алсаң болду дешиптир. Ал бузуку нечендеген жылдардан бери балалуу боло албай койгон имиш. “Кой кызым, үй-бүлөлүү кишинин очогун уратпа”,- деп  айтып койгонго жарабаган ата-энесине таң калдым.

Азыр Кудайга шүгүр ал тумандуу күндөр артта калды. “Мен адаштым жаным, мени кечир”,-деп турат. Мени мурдагыдан да урматтап, көкөлөтүп карайт. Айла жок, ортодо балдар болгондон кийин баарына көз жумуп, убагында ойноштоп кеткен күйөөң  менен жашоо кечирип келет экенсиң.

fakt.kg

2 Прикирлер

  1. Кудай озу сактасын ойноштуктан

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful