Templates by BIGtheme NET

Бишкекте сойкуларга даттанган жаранды милиция кармап кеткен

Фейсбук социалдык тармагынын Акунов Марат аттуу колдонуучусу жашаган көп  кабаттуу үйүмдө сойкукана бар, алар тынчтык бербей жатат деп милиция кызматкерлерине кайрылса өзүн кармап кеткендиги тууралуу жазып чыкты.

“2019-жылы 13-январда  милициянын нөөмөт кызматына чалып, сексуалдык кызмат көрсөт сойкуканалар боюнча айткам. Милиция кызматкерлери келип сойкуканаларга  чара көрбөстөн, мени кылмышкер сыяктуу кармап, курткамды айрып Свердлов райондук ИИБ алып келишти.  Тергөөчү менден арыз алгандын ордуна, жол кайгуул кызматкерлерине мени Наркодиспансер алып барууга тапшырма берди. Эмне милиция кызматкерлери адамдан арызды Наркодиспансерге барып келгенден кийин арыз алабы? Мени Наркодиспансерден кийин кайра Свердлов райондук ИИБна алып келишип арыз жаздырышты. Үсөнбаев көчөсүндөгү мен жашаган 3-үйдө, 138, 145 батиринде сойкулар иштешет. Бул маселе көп жылдан бери чечилбей келе жатат. КРнын КЖ кодексинде көп кабаттуу үйлөрдөгү батирлерди  мейманкана кылууга тыюу салынганда. Милиция кызматкерлери келип буга көз жумуш кетип калышат. Бардык милициялар жана аймактык тескөөчү да бул сойкуканаларды  жана ээси Сабинаны “калкалайт”. Короодо дайыма өз кезегин күткөн эркектер көп. Алар короонун баарын таштанды кылып, спирттик ичимдиктерди ичишет.   Бул сойкуканаларды  жаап жана ээсине чара көрүңүздөрдү суранам”.

fakt.kg

Окшош материалдар:  155 кызматкер ички иштер органдарынан айдалган

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful