Айдоочу милдеттүү түрдө камсыздандыруу полисин албаса канча айып пул төлөйт

36

Кыргызстандын өкмөтү унааларды милдеттүү түрдө камсыздандыруунун (ОСАГО 12) кепилдик фондун түзөт. Бул тууралуу Каржы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу мамлекеттик кызматынын билдиришти.

Эгерде, айдоочулар камсыздандыруу полисин албай унаа башкарса 3 миң сомдук айып пул төлөшөт. Ал эми юридикалык жактар 13 миң сом айып пул төлөшөт. Камсыздандыруу полисинин эң төмөнкү баасы 1 миң 680 сомду түзсө, эң жогору баасы 6 500 сомду түзөт. Камсыздандыруу тарифи унаанын үлгүсүнө, кыймылдаткычынын көлөмүнө, чыккан жылына, жол кырсыктар боюнча статистикасына жана айдоочунун жол кырсыктарына кабылбаганына, айдоочунун тажрыйбасына да жараша болот.

fakt.kg

Бөлүшүңүз