Templates by BIGtheme NET

Роза Маманова: “Өзүмдү-өзүм өрттөйм” дегем пикиримден кайтпайм

Жарандык активист,  “Элдик көзөмөл”  коомдук бирикмесинин түштүк аймагы боюнча координатору Роза Мамановандан балдарын алып коюшу мүмкүн деген маалымат тарады. Буга себеп жарандык активисттин акыйкат болбосо өзүн жана балдарын ак үйдүн алдында өрттөйм деген сөзү болгон. Эгерде Роза Маманова балдарына зыян келтире турган болсо балдарын алып коюшу мүмкүн жана ага энелик укуктан ажыратуу боюнча эскертүү берилет.

“Балдарымдын бардыгы “5”- деген баага окушат. Аларга жакшы тарбия берип келе жатам. Бир балам “Ала-Тоо Ата- Түрк” жогорку окуу жайында биринчи курста окуп жатат, дагы бир балам юридикалык окуу жайында билим алууда. Калган эки балам Кызыл-Кыядагы түрк лицей мектептеринде билим алышат. Мени  энелик укуктан ажыратууга негиз жок”,- деп fakt.kgге  Роза Маманова билдирди.

Мындан тышкары,  ал өзүн өрттөйм деген сөзүнөн кайтпаарын кошумчалады.

“Эгерде акыйкат чечим чыкпаса өзүмдү-өзүм ак үйдүн алдында өрттөйм дегем пикиримден катпайм. Жанымда 2 литр бензин көтөрүп жүрөм. Өлсөм мен өлөм, бул менин жашоом жана өз укугум”-  дейт жарандык  активист.

fakt.kg

 

Окшош материалдар:  Кыргызстан 2018-жылы канча миллионго мунай продуктысын сатып алган?

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful