Москвада жасалма кыргыз паспорту менен иштеп жүргөндөр кармалды

15

 2019- жылдын 9- январынан 10-январга карай түнү Кыргызстандын Россиядагы элчилигине Кыргыз жарандары арыз менен кайрылышкан. Алар иштеп жаткан компания аларды жумуштан алып ордуна жасалма кыргыз паспорту бар башка мамлекеттин жарандарын жумушка алышкан. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Элчиликтин кызматкерлери Москванын полиция кызматкерлери менен биргеликте текшерүү учурунда жасалма кыргыз паспорту менен иштеп жүргөндөр аныкталды.

Элчилик кыргыз жарандарын элчиликтен гана документ алууга чакырат.

fakt.kg

 

Бөлүшүңүз