2018-жылы товарларды сатып алууга канча миллиард сом коротулган

22

Кыргызстан 2018-жылы товарларды сатып алууга жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн  79 миллиард сом коротулган. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуу порталы билдирди.

Өткөн жылы 79 миллиард сомго 107 миң 190 жарыя жарыяланган. Ал эми 2017-жылы 172,7 миллиард сомго 105 миң 770 тендер болгон.

Эң көп мамлекеттик сатып алуулар 2015-жылы болгон. Анда 126,4 миллиард сом коротулган. Бирок ага карабастан 20,2 миң тендер гана өткөрүлгөн.

fakt.kg

Бөлүшүңүз