Templates by BIGtheme NET

Мадумаров менен Текебаевдин биригишине кимдер каршы…

Акыркы мезгилде Өмүрбек Текебаевге ырайым берилбей калгандан кийин маалымат булактарында, соцтармактарда эки саясатчынын бир-бирине болгон мамилесин бузууга аракеттер көрүлүп жатат. Экөө биригип алса жагалданып жүргөндөр президенттен алыстап калыштан коркушат. Себеби, экөө бир-бирине көз караштары жакшы экенин билдиришти. Ал эми, экөөнүн мамилесин бузганга аракет кылгандарга жооп иретинде эки саясатчынын көп убакыттан бери бир-бири менен адамдык, үй бүлөлүк жагынан да жакшы мамиледен экенин далилдеп, саясатта да бирге болгонго мүмкүн экенин сүрөт аркылуу билдирип жаткандай. Эгер биригишсе, анда саясат башка нукка өзгөрүшү мүмкүн. Бирок, Текебаевге ырайым берилбей түрмөдө калышына, Мадумаров менен Текебаевдин  биригишине каршы күчтөр бар экени белгилүү эле болуп калды. Экөө бириге да албай калышы мүмкүн.

Өмүрбек Текебаевдин 60 жаш курагын белгилөө тоюнда Адахан Мадумаров Өмүрбек Текебаев тууралуу каалоо тилек айтып, анын кандай саясатчы экенин белгилеген.

“Бүгүнкү Кыргыз Республикасындагы мыкты 5 саясатчы болгон болсо, анын бири сөзсүз түрдө Өмүрбек Текебаев. 15-20-жыл мурун айтканмын Текебаевди энеси кыргыз парламенти үчүн, кыргыз Жогорку Кеңеши үчүн төрөп койгон сыяктуу деп. Азыркы учурда Өмүрбек Текебаевге мыйзам чыгаруу жаатында болбу, башкаруучулук жаатында болобу, ага тең келе турган саясатчылар саналуу гана”- дейт Мадумаров.

Ал эми, Өмүрбек Текебаевден Адахан Мадумаров тууралуу маекти адвокат Искен Афиджанов аркылуу Мирлан Өмүралиев маек алган экен.

– Адахан Кимсанбаевич менен жеке мамилеңиз кандай?

– Адахан менен мен 1995-жылдары таанышып, чогуу иштеп келе жатабыз. Ал мени улуу катары ар дайым сыйлайт. Эл алдында бир да жолу каяша айтып, тийишкен эмес. Мен тийишсем, албетте, ал ошого ылайык жообун кайтарат.

– “Адахан Мадумаров Бакиевдин кандуу бийлигинин убагында мамлекеттик кызматта турган” деген дооматтар бар. Буга сиздин көз карашыңыз кандай?

Окшош материалдар:  Президентти кимдер жаман көрсөтүп жатат? (Видео)

– “Тулпар тушунда” деп коёт. Ошондой эле ар бир саясатчынын кел-кели келе турган мезгил, тарыхый доору болот. Мадумаров 1995-жылдан бери кыргыз саясий ландшафтында калдайган орунду ээлеген фигура. Бүгүн Кыргызстанда беш саясий лидер болсо, ошонун бирөө, экөө болсо, ошонун бирөө. Адахан Кимсанбаевичтин бүгүнкү тарыхый кырдаалдагы абалына ушундай баа берем.

fakt.kg

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful