Templates by BIGtheme NET

Кемин районунда милиция кызматкерлери аткарган иштери тууралуу элге маалымат беришти

2019-жылдын 11-январь күнү Кемин районунун Кызыл-Октябрь айылынынын маданият үйүндө Кемин районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери жергиликтүү жашоочуларга өткөн жылда аткарган жумуштары тууралуу маалымат беришти. Бул тууралуу Чүй ОИИББдин Басма сөз кызматы билдирди.

Аталган иш-чарага Чүй облусунун ИИББнын башчысынын орун басары Айбек Ажыбаев, Чүй облусунун ИИББнын коомдук коопсуздук кызматынын башчысы Алмаз Исаков, Чүй ОИИББи боюнча ЖКККБнын башчысынын орун басары Талант Барпиев, Кемин районунун мамлекеттик администрация башчысынын орун басары Нурлан Шаршеналиев, Кемин районунун ИИБнүн башчысы Нурмат Давлетов жана ИИБдүн өздүк курамы ошондой эле жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана жашоочулар катышышты. Жолгушууда милициянын аймактык тескөөчүсү жана жаш өспүрүмдөр менен иштөө боюнча тескөөчүлөр баяндама жасашып, 2018-жылдын 12 ай ичине өздөрү тейлеген аймакта катталган окуяларга токтолушуп, 2018-жылы кылмыштарды жана тартип бузууларды алдын алуу боюнча иштерди жүргүзүшкөндүгүн белгилешти. Милициянын аймактык тескөөчүлөрү жана жаш өспүрүмдөр иштери боюнча тескөөчүлөр өспүрүмдөр арасындагы тартип бузууларга жана зордук-зомбулуктарга жол бербөө максатында райондук мамлекеттик администрациянын алдындагы балдар иштери боюнча комиссия, социалдык коргоо кызматы жана башка мамлекеттик кызматтар менен бирге иш алып барышкан. 2018-жыл Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен “Аймактарды өнүктүрүү” жылы деп жарыяланып, ички иштер органдарында элдин милицияга болгон ишенимин жакшыртуу багытында 4 багытта иштер жүргүзүлгөндүгүн Чүй облусунун ИИББнын жетекчилиги жергиликтүү тургундар менен жолугушууда билдирди.

Алар: Коомчулуктун жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо, криминалдык коркунучтарга каршы күрөшүү, көчөлөрдө жана коомдук жайларда криминалдык абалды көзөмөлдөө жана өздүк курам арасында кесиптик деңгээлди жогорулатуу. Элдин ишенимин арттыруу. Милиця кызматкери элдин алдында профессионалдуулук жана адамгерчилик жактан жогорку критерийлерге ээ болуш керек. Ички иштер органдарынын катарындагы абийрсиз кызматкерлерди тазалоо боюнча, ишти күчөтүү ошондой эле ИИОнун кызматтарында кызматтык тартипти бекемдөө менен кесиптик жана күжүрмөн даярдыктан өтүү зарыл. ИИОдо реформаны өнүктүрүү боюнча тиешелүү чараларды көрүү, Милициянын тарыхында сакталып калган мыкты тажрыйбаларды колдонуу зарыл. Андан сырткары 2019-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирген “Кылмыш-жаза кодекси”, “Жазык-процесстик кодекси”, “Жазык-аткаруу кодекси”, “Жоруктар жөнүндө кодекси” жана “Бузуулар жөнүндө кодекси” боюнча кылмыштарды жана жоруктарды бирдиктүү реестрге каттоонун ирээти түшүндүрүлдү. Жаңы мыйзамдар боюнча жергиликтүү таргандар кызыккан суроолоруна жоопторду алышты.

Окшош материалдар:  Мекемеге баңгизат ташыган шектүү жаран кармалды

fakt.kg

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful