Бишкекте  көчөдө аял кишинин сөөгү табылды

25

Бүгүн, 11-январда Восток-5 кичи районунда Чүй көчөсүнүн боюндагы тротуарда аял кишинин жерде жатканын өтүп бара жаткандар милицияга кабарлашкан.

Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барганда, аял каза болуп калганы аныкталган. Кордук көрсөтүлүп өлтүрүлгөнү аныкталган эмес. Бул тууралуу Бишкек шаарынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аял көчөдө кетип бара жатканда өзүн жаман сезип, кулап түшкөн. Анын өздүгү такталып 1945-жылы туулган Н.П аттуу жаран экендиги аныкталды.

fakt.kg

Бөлүшүңүз