Өлкө аймагында эртең кар жаайт

15

12-январда көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман каптайт. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматы билдирди.  

Маалыматка ылайык, 13-14-январда жаан-чачын күтүлбөйт.

13-январда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

15-январда түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. 16-январда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар жаайт.

fakt.kg

 

Бөлүшүңүз