Templates by BIGtheme NET

Текебаевдин акталып чыгып кеткенге мүмкүнчүлүгү бар

 “Ата Мекен”  партиясынын лидери, экс-депутат Өмүрбек Текебаевге Роза Отунбаева башында туруп президенттен  ырайым сураган кайрылуусуна баш тартуу менен жооп берди. Президенттин мындай жообу саясий айдыңда бир кайчы пикирлерди жаратты.

Fakt.kg бул тууралуу пикирин билүү үчүн укук коргоочу Рита Карасартовага жана Өмүрбек Текебаевдин жактоочусу Таалайкүл Тактакуновага кайрылды.

Рита Карасартова  экс-депутатка президент ырайым көрсөтүүсүнөн баш тарткандыгы боюнча төмөндөгүлөрдү айтып берди.

“Бул дагы Кыргызстан үчүн кандайдыр бир  көрүнүш (прециндент) болуп калат. Анткени, ырайым көрсөтүү бул бир гана президентке эле берилген укук, анан ал ырайым көрсөтүү же көрсөтпөө деген маселени чечет. Негизи ырайымды кылмыш жасагандар сурап келишет. Мен ушу жасаган ишимди мойнума алам, кылгандарыма өкүнөм жана жакшы жолго түштүм деп.  Ошондо президенттин ырайым көрсөтүүгө  мүмкүнчүлүгү бар болот. Өмүрбек Текебаев ырайым сурап жазбайм деп айтып жатат. Себеби бул кылмышты жасаган эмесмин, андан көрө камалып отурган туура деп эсептөөдө. Бирок Роза Исаковна ушундай саясатчы кантип камакта отурат деп,  өзүнүн атынан ырайым сурап жазган  жана ошол жерден жүйөлүү себептерин келтирген. Ал эми ырайым көрсөтүп койсо күнөөлүү же күнөөлүү эмес деген маселе турбайт эле, себеби  ал маселе сот менен чечилген. Ырайымдын арты менен Текебаев абактан чыгып калмак да жана ал  күнөөлүү эместигин далилдеп кете бермек. Көп учурларда абакта жаткан кишилерге ырайым сурабайсыңбы десе мен жасабаган ишиме кантип сурайм деп токтоп калышат. Андан көрө  отуруп чыгып, анан өзүмдүн актыгымды  далилдейм деп. Булардын акталып чыгып кеткенге дайым  мүмкүнчүлүгү бар”- дейт Карасартова.

Мындан тышкары Өмүрбек Текебаевдин жактоочусу Таалайкүл Тактакуновага төмөндөгүлөрдү билдирди.

“Президенттин ырайым көрсөтүүдөн баш тарткандыгы боюнча эч кандай аракеттерди көрбөйбүз. Себеби президентке кайрылууну биз жөнөткөн эмеспиз. Ал эми биз ишти кайра карап чыгуу боюнча сөзсүз түрдө кандайдыр бир аракеттерди кылабыз. Ал боюнча документтердин бардыгы даяр убакыт келгенде беребиз” – дейт жактоочу.

Окшош материалдар:  Президен Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө» мыйзамга кол койду

fakt.kg

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful