Текебаевге күйүмүш болуп пайда тапкандар кимдер…

75

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев фейсбуктагы өздүк баракчасына президент Сооронбай Жээнбеков экс-депутат Өмүрбек Текебаевге ырайым көрсөтпөөсү боюнча пикирин билдирди.

“Текебаев тууралуу. Президент ырайым көрсөткөн жок деп активдүү жазып жатышат. Роза Исаковна жана фракциялардын лидерлери президентке кайрылуу жазышканы үчүн азаматтар, “ жаман”  президент баш тартты. Негизи ушундай. Бирок… мыйзам боюнча соттолгон “эрежеге ылайык” өзү кайрылыш керек. Текебаев кайрылуу жазгандан такыр баш тартты, бул анын позициясы. Теоретикалык жактан башкалар  кайрылса да болот. Ким? Мыйзам бул тууралуу айтпай эле. Бирок деталь бар – ырайым көрсөтүү боюнча кайрылуу бир гана нерсеге негизделген —  ТӨЧ абсолюттук түрдө сен дагы күнөөлүү эмессиң, Президент ага  ырайым көрсөтүүсү  керек. Президент – өтө кыйын абалда калды – ырайым көрсөтсө, демек соттордун чечимин мыйзамсыз деп табат.     Бирок ушул эле учурда Президенттин аппараты соттордун ишине кийлигишип жатат деп сындашууда. Кайрылуунун авторлору Президент ырайым көрсөтпөөсүнө эле аракет кылышкандай сезимдер болууда. Эгерде кайрылуунун мотивациясы башкача болгондо (жашы, оору ж.б), балким канааттандырылмак. А негизи кээ бир саясатчылар үчүн ТӨЧ ал жакта отурганы жакшы экени көрүнүп эле турат. Аны коргоо жеңил жана ал коргоодо дивидент табуу. Менин оюм ушундай” – дейт эл өкүлү.

fakt.kg

 

Бөлүшүңүз