Өзбекстандын өкмөтү селсаяктар боюнча токтом кабыл алды

18

Өзбекстандын өкмөтү туруктуу жашаган жери жок кишилерди коргоо чаралары тууралуу токтом кабыл алды.

Маалыматка ылайык, мындан ары селсаяктар миграция бөлүмүнө кайрылышса, алардын мурдагы жашаган жери, туулгандыгы тууралуу күбөлүгү, ата-энеси жана жакындары жөнүндө малыматтар такталат.

Эгер кайрылган кишинин Өзбекстан же башка өлкөнүн жараны экени такталбаса, миграция бөлүмүндө ага өздүгүн аныктаган убактылуу маалымкат берилет.

Андан соң жергиликтүү бийлик селсаякты туруктуу каттоодон өткөрөт.

Эгер анын паспорту жок болсо, айып пул салынбастан, кайрадан документтерин бекер жазап беришет.

Учурда реабилитациялык борборлордо жашап жаткан үй-жайсыз кишилер туруктуу жашаган жерине барышса, жол киреси төлөнөт.

fakt.kg

Бөлүшүңүз