Templates by BIGtheme NET

Жалал-Абадда борбордук көчөгө дагы бир жер асты өтмөгүн курулат

Быйылкы жылы Жалал-Абад шаарында капиталдык курулуштардын көлөмү өткөн жылдагыдан кем болбойт. Шаарды инфраструктуралык жаңыртуу багытында көлөмдүү иштер аткарылат. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев шаардык мекеме-ишканалардын жетекчилери менен болгон жыйында билдирди.

Шаар мэриясынан алынган маалыматтарга караганда, өткөн жылы Жалал-Абад шаарында жалпысынан 147 миллион сомдук инфраструктуралык жакшыртуу иштер жүрүп, анын баары жергиликтүү бюджеттен каржыланган. Шаар тарыхында эмес, эгемен Кыргызстандын тарыхындагы биринчи жер асты өтмөгү курулуп, пайдаланууга берилген. Шаардагы негизги деп эсептелген эки көчө кеңейтилип, ондогон тротуарлар курулган. Ондогон көчөлөргө асфальт басылып, жаңы мектеп эшигин ачса, бир катар балдар бакчаларына, медициналык мекемелерге кошумча имараттар, мектепке спорт залы камсыздалган.

-Биз быйылкы жылы шаарды инфраструктуралык жактан жаңыртуу иштерин өткөн жылдагы көлөмдөн азайтпайбыз, жаңы имараттар курулат, көчөлөр кеңейтилет, борбордук көчөгө дагы бир жер асты өтмөгүн курабыз. Курула турган тротуарлар бар, ушунун баары жергиликтүү бюджет аркылуу аткарылат, – деди шаар мэри М. Тагаев.

Эскерте кетсек, союз мезгилинде 40-50 миң кишиге ылайыкталып курулган Жалал-Абад шаарында азыркы кезде расмий 120 миңдей, ар кандай маалыматтарга караганда 170 миңден ашуун киши жашайт. Шаардык инфраструктураны жаңы шарттарга ылайыктоо зарылдыгы курч.

fakt.kg

Окшош материалдар:  Индияда 34 жаштагы кыргызстандык аял камакка алынды

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful