Templates by BIGtheme NET

Президентин шайлоо материалдары боюнча тергөө иши жыйынтыкталды

 Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо материалдары боюнча алдын ала тергөө иши жыйынтыкталды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык,  2018-жылдын 27-ноябрында Н. Токтакуновдун “Фейсбук” социалдык тармакка Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо боюнча билдирүүсү жарык көргөн. Билдирүү боюнча Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан жүргүзүлгөн алдын ала тергөө иши жыйынтыкталды.

“Тергөө ишинин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Президентине талапкердин борбордук шайлоо штабынын жетекчилери, республиканын шаардык, облустук жана райондук шайлоо штабдарынын башчылары жана кызматкерлери суралган. Каржы маселелери боюнча ыйгарымдуу өкүлү Сатыгул кызы Надира эмгек өргүүсүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгып кеткен. Кайтып келгенде Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматына түшүнүк берүү үчүн чакырылып, андан соң корутунду чечими кабыл алынат”- дейт маалыматта.

fakt.kg

 

Окшош материалдар:  Өмүрбек Бабанов билдирүү таратты

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful