Ош базарынын аймагындагы чөнтөк уурулугунан сактоо үчүн күзөтчүлөр иштей баштайт

22

Ош базарынын аймагында соодагерлер менен кардарларды чөнтөк уурулардан сактоо милдетин жеке күзөт агенттигинин кызматкерлери аткарышат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.  

Маалыматка ылайык,  «Ош базары» соода комплесинин жетекчилиги фирма менен сүйлөштү.

«Ленин акимчилиги жума сайын базардын аймагында соодаларды уюштуруу боюнча иш алып барууда. Муниципалдык администрация менен күзөт агенттиги биргелешип иш алып баруунун алкагында, базардын адамдар өтө турган жолдору таштандыдан арылды», -дейт маалыматта.

fakt.kg

 

 

Бөлүшүңүз